Turniej Tłumaczy 2018

Adam Mickiewicz
Niepewność

Билбейм…

Сени көрбөсөм үшкүрүнбөйм, ыйлабайм, 
Сени көргөндө сезимимди кыйнабайм.
Бирок көпкө көрүнбөсө элесиң, 
Жетпейт мага карааның, сен мага суудай керексиң.
Сагынып өзүмө суроо салам:
Достукпу бул же сүйүүбү? Жоопту кайдан табам.

 

Жок болуп кетсе карааның, 
Унутпа элесиң кыйноого салаарын,
Сезимимди көзөмөлдөйм кез-кезде,
Бирок жоготпойм, элесиң дайым эсте.
Кайрадан өзүмө суроо салам:
Достукпу бул же сүйүүбү? Жоопту кайдан табам.

 

Кыйналдым көп жолу, оюмду сен чачтың, 
Өкүнбөйм эч качан, сезимди мен бастым.
Максатсыз даңгыраган жолдо темселеп, 
Кантип жеттим босогоңду мен тепсеп.
Чыгып баратып кайра суроо салам: 
Достукпу бул же сүйүүбү? Жоопту кайдан табам.

na język kirgiski przełożyła Akylai Abylkadyr kyzy